• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайгуулчулар бир аптада 95 кылмыштын бетин ачты

16 Жалган куран 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 95 кылмыш жана жооруктардын бети ачылды. Бул туралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабрлады.

Маалыматка ылайык, бир жума аралыгында Бишкек ШИИБдин 102 кызматы боюнча ар кайсы багыттагы 1592 чакыруу болгон.

«5-марттан 11-мартка чейин уурулук боюнча 5 кылмыштын, талап-тоноо боюнча 3, ээнбаштык боюнча 37, киши өлтүрүү боюнча 1, зордуктоо боюнча 2, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 29 иштин бети ачылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 122