• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кайгуулчулардан качкан айдоочу милицияга жеткирилди

23 Баш оона 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

Кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, каршылык көрсөткөн айдоочуга 7500 сом айып салынып, өзү милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда болжол менен саат 13:30 чамасында Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган «Мерселес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качкандыктан, артынан кууп барып Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен токтотушкан.

«Ошол учурда унаанын 1994-жылы туулган Г.Н. аттуу айдоочусу кызматкерлерге карата каршылык көрсөтүп, бир-эки жолу тээп салган. Бирок жыйынтыгында айдоочуга карата баш ийбегендиги, жана качуу учурунда жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 3 протокол толтурулуп, жалпысынан 7500 сом айып салынган. Ошондой эле унаасы айып короо жайына токтотулган»,-деп айтылат маалыматта.

Айдоочу Биринчи май райондук ИИБне жеткирилген.

Количество просмотров: 129