Кайненесин сабады делген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 30-ноябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 1960-жылы туулган И.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 29-ноябрь күнү 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөө баласы ур-токмокко алгандыгын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, ден-соолукка атайын жеңил зыян келтирилгендиги аныкталган.
«Жабырлануучунун 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөө баласы тергөө кызматына жеткирилип, анын үстүнөн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренесинин (Ден-соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) негизинде материал топтолуп, райондук соттун кароосуна жиберилген.
Бүгүн, 11-декабрда шектүү Кара-Суу райондук соту тарабынан 7 суткага камакка алынды»,-деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.
Кошумчалангандай, учурда бул жарандын үстүнөн аялын ур-токмокко алуу фактысы боюнча дагы тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарда 35 жаштагы жарандын аялы менен кайненесин катуу сабап салганы тууралуу маалыматтар тараган.