Ош облусунун Кара-Суу районунда эркек киши аялы менен кайненесин сабап салган.
Күйө баласынан токмок жегенин айткан 65 жаштагы апа бул ишти көзөмөлгө алууну айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу кылды. Ал күйө баласы кызынан 10 жаш улуу экенин, алдап алып алганын, турмушка чыккан күндөн бери аны сабап жатканын айткан.
Ал эми жабырлануучу келин, «ошол күнү жолдошум чоң уулума таяк алып кел деди. Анан мени бул таяк менен бир нече жолу урду, апам кийлигишкенде аны да сабап баштады. Соккулардан таяк сынып кетти. Анан жолдошум мени бөлмөгө бекитип алып урду, башыма, бетиме урду», — деп билдирди.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан Govori.TVга билдиришкендей, 2-декабрь күнү Кара-Суу РИИБге 2000-жылы туулган И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 29-ноябрда жолдошу 1989-жылы туулган Ж.А. уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Жабырлануучунун күйөөсүнө коргоо ордери берилген.
Ал эми кайненесин урган боюнча иш 30-ноябрда катталган, учурда райондук сотто каралып жатканы кошумчаланды.