• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кайра шайлоо: 13 талапкер депутаттыкка аттанарын жарыялады

4 Үчтүн айы 2022 18:48 Бишкек Govori.TV

Бишкектин парламенттик шайлоо кайра өткөрүлө турган эки округунда талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 14 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Биринчи Май округунда Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков жана Элвира Сурабалдиева депутаттыкка аттанат.

Ал эми Свердлов округунда Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошова, Жаныбек Асанбеков жана Гуля Алмамбетова шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Кошумчалай кетсек, бул округдарда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-январда аяктайт.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өткөн. Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдарында “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан кайра шайлоо дайындалган.

Количество просмотров: 252