• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Кайра шайлоо. БШК Маматкуловдун жана Эргешовдун талапкерлигин жокко чыгарды

27 Чын куран 2024 10:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округдарынан ат салышып жаткан талапкерлердин экөө 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими менен шайлоодон четтетилди.

№7 Ош шайлоо округунан катталган Максатбек Маматкуловдун жана Бекмурза Эргешовдун талапкер болуп катталуусу жокко чыгарылды.

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Маматкулов боюнча корутундусунда ал 19 үгүтчүсүнө 5 миң сомдон маянаны накталай төлөп бергени, шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу отчетун маалында тапшырбаганы, бул шайлоо мыйзамдарына каршы келери, ар бир талапкер каржылоону атайын ачылган расмий эсебинен жүргүзүшү керектиги белгиленди. Топтун маалыматында айтылгандай, үгүтчүлөр милицияда сурак беришкен, акча расмий эсептен тыш колдонулганы шаардык ички иштер башкармалыгынын токтому менен тастыкталган.

Маматкуловдун талапкер катары катталуусун жокко чыгаруу тууралуу чечимди Боршайкомдун отурумуна катышкан 11 мүчөнүн баары бир добуштан колдошту.

Ал эми Бекмурза Эргешовдун талапкерлик каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечимге Боршайкомдун 8 мүчөсү “макул” деп добуш берип, чечим кабыл алынды.

Эргешов боюнча интернеттеги социалдык түйүндөргө чыккан видео иликтенгени, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматы угулганы, кызматкерлеринен түшүнүк кат алынганы, прокуратура бул боюнча кылмыш-процессуалдык жактан өз корутундусун берери, Боршайком конституциялык-укуктук жактан чечимин кабыл алууга укуктуу экени белгиленди.

Маматкулов да, Эргешов да БШКнын чечимине каршы сотко арызданса болору айтылды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 147