• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кайра шайлоо: Дагы бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

23 Бугу 2023 16:34 Бишкек Govori.TV

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутаттыгына талапкер Бакытбек Мураталиев өз арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мураталиев ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин арызын артка чакыртып алган.

2023-жылдын 23-майына карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 29 талапкер аттанып жатат.

Количество просмотров: 92