Экс-депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №29 Свердлов округунда өтүүчү кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, №29 Свердлов округу боюнча 23, №27 Биринчи Май округу боюнча 17 адамдан талапкер болуп катталуу тууралуу арыз түштү. Алардын арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Элвира Сурабалдиева, Ирина Карамушкина, Шайлообек Атазов жана Рыскелди Момбеков бар.
Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Аталган эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт, ал эми депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-январында аяктайт.