• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кайра шайлоо: Талапкерлердин саны 12ге жетти

1 Баш оона 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны бүгүнкүгө карата 12ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев.

Кошумчалай кетсек, Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Количество просмотров: 84