• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кайра шайлоо: Талапкерлердин саны 7ге жетти

19 Теке 2023 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны 7ге жетти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов .

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

БШК 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Количество просмотров: 94