• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кайра шайлоого канча каражат сарпталды?

12 Теке 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

Үч шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 39 миллион 944 миң сомду түздү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иш жүзүндө 38 миллион 654 миң сом сарпталды.

Анын ичинде:

  • Бишкек шаары — 27 миллион 226 миң сом;
  • Ош — 9 миллион 349 миң сом;
  • Токмок — 2 млн 612 миң сом.

Жалпысынан партиялардын шайлоо фондуна 34 миллион 343 миң сом которулган, чыгымдар 44 миллион 253 миң сомду түздү. Партиялардын шайлоо фондунда өткөн шайлоодон 8 миллион 627 миң сом калган. Партиялар бул шайлоодо ошол акчаны да колдонушту.

Количество просмотров: 122