Кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 28га жетти
Кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 28га жетти
14 Үчтүн айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 14-январга карата жалпы 28 адам Бишкек шаарындагы эки округда өтө турган кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди.
27-февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу округдарында кайра шайлоо болот. 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо аталган округдарда «баарына каршы» пунктуна эң көп добуш берилген.