• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү бүгүн аяктайт

27 Үчтүн айы 202210:36 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 27-январда саат 18:00дө Бишкектеги 2 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлерди каттоо аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого катыша турган талапкерлер 27 күндүн ичинде (30-январга чейин) документтердин топтомун тапшырышы керек.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Аталган эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Количество просмотров: 5880