• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кайра шайлоонун шарттары бүдөмүк…

21 Бугу 2021 18:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты. Учурда кайталап шайлоо өткөрүү маселеси каралууда.

Шайлоону жокко чыгаруу талабы буга чейин утулган партиялар тарабынан гана айтылып келсе, бул ирээт мындай талап шайлоодо жеңишке жеткен партиялар тарабынан да көтөрүлүп, алардын  бири-бирине болгон терс пикирлери, ачык эле жамандоосу көп болду.

Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы партиялар тарабынан бир катар мыйзам бузуулар орун алганын айтат.

Бирок көп өтпөй БШКнын жумушчу тобу “Эмгек” партиясынын ТИКтин чечимине каршы жазган арызын канааттандырганы айтылып, коомдо талкуу жаратты.

Бир канча талкуулардан соң шайлоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алган БШК Бишкекте кайталап шайлоо өткөрүүгө 25 миллион сомдон ашык каражат кететээрин айтат. Жана ошондой эле Боршайкомдун чечимине ылайык кайра шайлоо буга чейинки шайлоодогу талапкерлердин баары эле катыша албайт.

Ал арада партиялар БШКнын чечимин колдой тургандыктарын айтышып, шайра шайлоого даярдыктарын көрүп башташты.

Ал эми коомчулук кайра шайлоого  кимдер катыша алат деген суроонун тегерегинде талкуу жүргүзүүдө. Айрымдар мыйзам бузган деген партия толугу менен кайра шайлоого барбасын десе, айрымдар мыйзам бузган талапкерди гана чектөө жетиштүү дейт.

Ал эми саясий серепчи Алмазбек Акматалиевдин айтымында деги эле шаардык кеңештерге шайлоону өткөрүү ыкмасына көңүл буруу керек.

Бирок кайра шайлоо өткөрүүгө каршы пикирин билдиргендер да жок эмес. Айтымында улам-улам шайлоо өткөрүү менен таза шайлоого элдин ишеними ого бетер  өчүп жаткандай элес калтырууда.  БШКнын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова кайра шайлоо өткөн учурда жокко чыккан шайлоонун күнөөкөрлөрү жаза алуусу керек дейт. Ал кошумчалагандай, кайталап шайлоо өнөктүгү бюджетке да сокку болоору ачык.

Жарандык активист Эржан Сулайманкөптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү делген шайлоонун жокко чыгуусу элдин жалпы талабы болду деген пикирин ортого салды.

Коомчулукта кайрадан шайлоо кандай тартипте өтүүсү керек деген суроолор көп.  Серепчилердин айтымында, жаңы кабыл  алынган мыйзамга ылайык, шайлоо өткөрүү процессин аныктоо бир  аз көбүрөөк убакытты талап кылаарын айтышат.

Деген менен БШК  мыйзамга ылайык, кайра шайлоо күнү 1 ай аралыгында белгилүү болот дейт. Ал эми эксперт Эмил Жураев шаардык кеңешке шайлоо дагы бир жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоо менен чоогу өтүп калат деген ойдо.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга бюджеттен 425 миллион сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарларына кеткен.

Учурда өлкөнүн дал ушу  үч чоң шаарында кайра шайлоо өткөнү турат. Бирок коомчулукту мурда кеткен каталар кайрадан кайталанбайбы деген ой түйшүк тарттырууда.

Количество просмотров: 212