«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ишканасы вице-президенти Кайрат Итибаев кызматтан кетип жатканын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармак аркылуу кабарлап, видеокайрылуу жолдогон.
Анын кайрылуусунда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» бир жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат берилген. Ошодой эле Итибаев кесиптештерине ыраазычык билдирген.
Эске салсак, УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары «коррупцияга» шек саналып камалганын 18-майда билдирген. Анда «ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды» деп жазылган.
Атайын кызмат уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.