• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кайрат Примбердиев: Мага жана үй-бүлөмдүн дарегине коркутуулар болуп жатат

15 Үчтүн айы 2021 18:39 Бишкек Govori.TV

Ырчы Кайрат Примбердиев маданият министри андан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын жеке ыйгарым укуктарын колдонуп тартып ала албасын айты. Бул тууралуу ал соцтармактардагы бакачасына билдирүү жасаган.

Айтымында, Маданият министрлигинин мындан сырткары да кыла турган кызматтары абдан көп. Жаза колдонуу жана чара көрүү жумуштары менен башка органдар иш алып барат.

«Мен бул кайрылууну жолдобой эле койоюн деп жаткам. Бирок, мага жеке кат аркылуу өлтүрүп кетем деген коркутуулар болуп жатат. Жада калса үй-бүлөмдүн да тынчтыгын алып коркутуп жатат. Мен ойлойм, бул да Маданият министрлигинин жарлыгынан кийинки реакциядан улам болуп жатат деп. Эгер, министр бизди кабинетине чакырып алып, эскертүү берип койсо мынчалык резонанс жаратмак эмес. Биз ошол жерден анын көзүнчө кечирим сурап, видео кайрылуу жасап койсок ошо менен бүтмөк», — деди Примбердиев.

Эске салсак, ырчы Курал Чокоев YouTube каналынан берүү ачып, ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан. Курал Чокоевдин берүүсүнө конок катары келген Кайрат Примбердиев да коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Количество просмотров: 2682