Турсункулов Кайрат Эркинович тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылы төрөлгөн. 2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.
Ошондой эле өкмөттүн аппаратында жана Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы элчиликтеринде иштеген.