• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайрылман — боордош

29 Жалган куран 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

«Кайрылман» деген түшүнүк Совет мамлекети урап, жаңы көзкарандысыз мамлекеттер пайда болуп, этникалык кыргыздар өз мекенине кайтып баштаганда пайда болгон.
Кыргыздардын биринчи дүйнөлүк курултайда, кайрылмандарды мекенине кайтарып келүү саясатын жарыялаган. 2001-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алууга женилдетилген шарт түзүлдү. 2007-жылы атайын мыйзам кабыл алынып, анда этникалык кыргыздарга социалдык жана укуктук жардам кепилдиктер жазылган болчу
Кайрылмандардын көптөгөн көйгөйлөрү чечилбей келет. Негизгилеринин бири — мыйзам боюнча аларга бериле турган жердин жоктугу.
Ал эми кайрылмандардын өз үлүш жерлери жок болгондуктан, ал жерге үй кура алышпайт. Мамлекет тарабынан жер тилкелери бөлүнүп берилген учурлар кездешсе дагы, жеке турак-жайларын курууга акчалары жетишпейт.
Жеке турак-жайынын жоктугу каттоого турууга чечилбеген тоскоол болууда. Анын үстүнөн документтердин жоктугу Кыргызстанда төрөлгөн балдарынын тагдырына да терс таасирин тийгизуудо.
Кайрылмандар үчүн документтердин жоктугу туруктуу жумушка орношууга олуттуу тоскоолдук жаратууда
Ар кыл Көйгөйлөрдүн татаалдыгына карабастан, кайрылмандардын көпчүлүгү Кыргызстанда калууга ынтызар. Буга мисал 2017-жылы Нарын шаарына көчүп келген Памирлик кыргыз Салахидин.
Кайрылмандардын көчүп келүүсүнүн башкы себептердин бири балдарына татыктуу, жаркын келечек тартуулоо.
Жакында эле Казакстандын Президентинин сунушу менен бизге окшош «оралман» термини «кандас» менен алмаштырылды. Бул казактар кайсы жерден келбесин бир эл экенин баса белгилөө аракети. Биз дагы бул жагынан казактардан үлгү алсак кантет?
Балким, терминдин өзгөрүшү менен ар бирибиздин кайрылмандарга аяр, дыкат көнүл бурууга түрткү берер. Бул болсо этникалык кыргыздардын тарыхый мекениндеги жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө жардам болсо деген үмүт.

Количество просмотров: 63