• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акаев: Асман шаарын коё туруп, Бишкекти тыпыйтып оңдоп албайлыбы?

8 Кулжа 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июндагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Асман шаарын коё туруп, ага жумшала турчу каражатты Бишкекке жумшоо керектигин билдирди.

Анын айтымында, борбор калааны туташ көйгөйлөр каптады.

«Маселени чечүү үчүн каражат жана саясий эрк керек. Калаада жайында суу жок, кышкысын ыш, коомдук транспорт эскирди, жолдорубуз тыгын, жаңы конуштарда абал абдан начар, мектеп менен бала бакча жетишпейт. Таштандыны кайра иштетүү үчүн канча инвестор келди, жыйынтык жок. Эгер ушундай жол менен кетсек, Бишкегибиз чоң айыл болуп калат»,-деди депутат.

Количество просмотров: 218