• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын». Жапаров “кемпир-абадчылар” тууралуу айтканына түшүндүрмө берди

15 Үчтүн айы 2024 12:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин куруп, коомчулукта талкууга алынган жагдайлар туралуу суроолорго жооп берди.

Президент журналисттин «“Кемпир-абадчылар” деп аталган саясатчылардын соттук иштерин ачык эле кылбайбы деп айрым соцтармак колдонуучулар пикир билдиришүүдө. Акыркы Элдик курултайда алардын артында кайсыл бир өлкөнүн элчилиги турат дедиңиз эле. Ошону ачыктай аласызбы?» деген суроосуна жооп берип, төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Мен Курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын. Ал сөзүмө чапташып алып эле кайсы элчиликтен акча алдык деп жарга такай бериштин кереги жок. Бизде үч жолу революция болду. Биринчи эки революцияда тең сырткы күчтөр каржылады. Алар кимдер экенин элдин баары билет. Үчүнчү революция эч ким күтпөгөн жерден болуп кетти. Биз сырткы күчтөрдөн акча алган жокпуз. Эл өзү колдоп берди. Ошол үчүн бүгүн биз эч кимге көз карандысыз болгон көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатабыз. Эгер биз да кайсы бир сырткы күчтөргө көз каранды болуп калсак, анда биз деле алардын айтканын кылып, өлкөдө эч нерсени алдыга жылдыра алмак эмеспиз. «Кемпир-абадчылар» арасынан кимиси кайсы сырткы күчтөр менен дайыма жолугушуп жүргөнүн, канча акча алганын өздөрү жакшы эле билишет. Жөн эле билбемиш болуп атышат».

Эске салсак, 16-декабрдагы курултайда делегаттардын бири Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу маселе көтөргөн. Президент Жапаров сот эмне үчүн жабык өтүп жатканы боюнча дооп берип, “муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп, мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, — деп билдирген.

19-декабрда Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар президенттин курултайда “кемпирабадчылар” тууралуу айткан сөзүнө байланыштуу кайрылуу таратышкан. Анда алар чет өлкөдөн акча алганы тууралуу президенттин айтканына далилдүү маалыматтарды талап кылышкан болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 277