• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кайсы мектептерде директорлор алмашат? Тизме…

28 Теке 2022 12:03 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 11-12-августунда Баткен мамлекеттик университетинде Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жүрөт. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, конкурстук тандоо Баткенде башталып, башка да региондордо уланмакчы.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жетекчилерин алмаштырууга муктаж болгон мектептердин тизмесин жарыялады.

Региондор боюнча директордун бош орундары бар мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышууга болот:

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылына чейин 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алардын иштегенине беш жылдан ашты. Жалпысынан Кыргызстанда 2333 мектеп бар.

Количество просмотров: 4047