• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Кайыңды кант” кумшекердин дүң баасын төмөндөттү

21 Аяк оона 202215:38 Бишкек Govori.TV

“Кайыңды кант” ААКсы бүгүндөн тарта кумшекердин дүң сатуу баасын 1 кг 79 сомго чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баанын төмөндөшү базарда кумшекердин чекене баасынын мындан ары турукташуусуна оң таасирин тийгизет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кумшекерге бааны белгилөөдө жогорудагы жагдайларды эске алуу өтүнүчү менен сатуучуларга кайрылат.

Количество просмотров: 7186