• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кант заводдо кырдаал кандай? (фоторепортаж)

14 Жетинин айы 2023 16:35 Бишкек Govori.TV

Быйыл кант кызылчасы мурдагы жылдарга караганда эки эсе көп айдалды, бирок түшүм аз. Бул тууралуу «Кошой» кант заводундагы кызылча пунктунун башчысы Каныбек Толонгутов билдирди.

Каныбек Толонгутов — «Кошой» кант заводундагы кызылча пунктунун башчысы

«Азыркы убакта 118 миң тонна кызылча кабыл алдык. Анын жарымы кайра иштетип чыгарууга жөнөтүлдү. Бул жылы дыйкандардын түшүмү жакшы болбой калды. Мунун бир нече себептери бар. Алардын бири суу маселеси. Кызылчаны Сокулук району жана Кант шаарынан дагы келип төгүшөт, бир тоннасын 5900 сомдон алабыз. Биз турган пунктка болжол менен 100 миң тоннадай кызылча батат»,-деди Каныбек Толонгутов.

Кызылча кабыл алынгандан кийин лабораторияга жөнөтүлөт

Чолпон Баелиева — лаборант

«Бул лабораториядан биз келген кызылчалардын канча пайыз канты бар экенин аныктап, чыгарабыз. Жергиликтүү кызылчалардын канты 14-16 пайыз болот. Ал эми башка региондогу кызылчалардын канты жогору»,-деди лобарант Чолпон Баелиева.

Өндүрүштүк көзөмөл жана техникалык көзөмөл

Заводдун ишин кызматкерлер техниканын жардамы менен көзөмөлдөп турушат.

Ал эми “Кошой” ачык акционердик коомунун директору Павел Немченко заводдун тагдырына токтолуп, жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Павел Немченко -“Кошой” ачык акционердик коомунун директору

“Кошой кант заводунун тагдыры оңой болгон эмес. Үч жолу иши токтотулган. Буга чийки зат жетишсиз болуп жатканы себеп болгон. Шопоков шаарында жайгашкан кант заводу бир нече жылдан бери кумшекер өндүрүп келет. Заводдун тетиктери жаңыланып, өндүрүштүн сапатын жакшыртуу багытында алгылыктуу жумуштар жасалган. Сезон учурунда ишканада 580 кызматкер эмгектенип, республиканы кумшекер менен камсыздайт»,-деди ал.  

Ал кошумчалагандай, 2023-жылы «Кошой» кант заводунда 25-27 миң тонна кумшекер өндүрүлдү.

Количество просмотров: 148