Калаа башчысын шайлоого каршылык. Бишкекте каракчылар өрттөлбөй калды. Себеби….
Калаа башчысын шайлоого каршылык. Бишкекте каракчылар өрттөлбөй калды. Себеби….
6 Баш оона 201814:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык кеӊештин фракцияларынын жана мамлекеттик тил комиссиясынын сөлөкөттөрү түшүрүлгөн каракчыларды (чучело) өрттөлбөй калды. Анткени кыргызда «өрттөгөн»-деген сөз жакшы түшүнүктүү бербейт дейт акциянын катышуучусу журналист, Канышай Мамыркулова.
«Биз Бишкек шаарынын депутаттарына мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Кыргызда «өрттөгөн»- деген сөз жакшы түшүнүктүү бербейт. Бул үмүттүн «өлгөндүгү»- дегенди түшүндүрөт»-деди Мамыркулова.
Ошондой эле, бул жерде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын дагы, депутаттарынын дагы кесиптик жоопкерчилиги, уяты деген чоң маселе турарын кошумчалады
«КСДП кайра-кайра кылмыш иши козголгон мэрлерди кетирип, анын ордуна кайра жаңысын алып келе бергендей, Кыргызстан бир КСДПнын же бир ууч топтун менчиги эмес»- деди акциянын катышуучусу Канышай Мамыркулова.