Өкмөттүн жыйынында калем кармап жазымыш болуп отурган аткаминер сынга калды.
Интернет колдонуучулар «аткаминер көзгө көрүнбөгөн калем менен жазып жатабы?» деген суроолорду калтырышууда.
Белгилей кетсек, сүрөт Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин катышуусунда өткөн жыйында тартылган. Анда Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташуучу унаалардын эркин жүрүүсүн камсыздоо маселеси талкууланган.