• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрдин медиктерге карата мажбурлап эмдөөдөн өткөрүү буйругу сынга калды

29 Кулжа 2021 18:39 Бишкек Govori.TV


Саламаттык сактоо министрлиги бардык медиктерге жана медициналык мекемелердин башка жумушчуларын милдеттүү түрдө коронавируска каршы вакцина алуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды. Анда министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган буйрукка 29-июнда кол койгону туурасында сүрөт жарыяланган.

Барыктабасованын айтымында, саламаттыкты сактоо министрлиги биринчилерден болуп адам укуктарын бузуп жатат.

«Бул буйрук саламаттыкты сактоо министрлигинин чыныгы жүзүн көрсөттү! Министрлик өзүнүн сабатсыз буйруктары менен калктын ден соолугуна коркунуч келтирүүдө. Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлерге колдоо көрсөтүп, конкреттүү жана ырааттуу чектөө чараларды көрүүнүн ордуна чыгарган буйругу. Милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүнү талап кылган №862 буйрук коркутуп-үркүтүүгө, жумуштан бошотууга, айлык маянадан ажыратууга алып келет»,-деп жазган ал.

Буйрукта саламаттык сактоо тармагындагы административдик жана чарбалык персоналдын баары вакцина алууга милдеттендирилген.

Количество просмотров: 221