• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Калиева Тартип комиссиясынын чечими боюнча комментарий берди

4 Жалган куран 2021 20:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайым Гүлбара Калиеванын Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими боюнча комментарийин таратты.

Анда Калиева комиссиянын бүтүмүн «мыйзамсыз» деп атаган:

«Мени кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү тууралуу чечим мыйзамсыз. Анткени, медициналык маалымкат жана маселени мен жок карабоо тууралуу арыз бергениме карабай жыйын менин катышуумсуз өттү. Мыйзамда кароо мөөнөтү төрт ай болгонуна карабай, чечимдин шашылыш чыгарылганы түшүнұксүз. Мындай кадамдар мыйзамга кайчы келет», — деп жазылган Калиеванын жообунда.

Тартип комиссиясы бүгүн, 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Жыйынга Калиева өзү келген эмес. Ал ден соолугуна байланыштуу маселени кароонун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу боюнча арыз берген.

Бирок комиссия Башкы прокуратуранын аны токтоосуз кароо боюнча сунушун канааттандырды.

Жыйынтыгында Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берилип, аны кызматтан убактылуу четтетүү сунушу президент Садыр Жапаровго жиберилмей болду.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбоорундагы коррупциялык иш боюнча жоопко тартууга уруксат сурап Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Количество просмотров: 68