Байланыш линиясынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу учурда айрым калкты тейлөө борборлорунун маалымат тутумдарынын иштөөсүндө техникалык мүчүлүштүктөр байкалууда.
Маалымдалгандай, провайдердин командасы учурда калыбына келтирүү иштерин баштады. Байланышты толук калыбына келтирүүнүн мөөнөтү такталууда. «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин адистери ишти калыбына келтирүү үчүн резервдик каналдарга өтүүнүн үстүндө иштеп жатышат.