• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Калмакстандын экс-президентине «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы берилгени талкууда 

22 Аяк оона 2021 9:27 Бишкек Govori.TV

Калмак Республикасынын экс-президенти Кирсан Илюмжиновго “Талас облусунун ардактуу атуулу” наамы берилди.

Президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Кирсан Илюмжинов 20-сентябрда Таласка иш сапары менен келген. Облус башчысы Бакытбек Нарбеков аны «Манас Ордо» улуттук комплексинде тосуп алган. Алар улуттук комплекстеги Манастын күмбөзүн зыярат кылып, конокко музей, Кырк чоро архитектуралык композициясы көрсөтүлгөн.

Алардын жолугушуусунда экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланган.

Бул арада Калмакстандын экс-президентине «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы берилгени социалдык тармакта талкуу жаратты.

Кошумчалай кетсек, Илюмжинов Орусиянын курамына кирген Калмак Республикасына төрт жолу президент болуп, 17 жыл башкарган. 1995-жылдан 2018-жылга чейин Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) да президенти болгон.

Количество просмотров: 252