• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Калмурат Садиев менен акын Бактыгүл Чотурова баш кошту

14 Бугу 201914:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Генерал-лейтенант Калмурат Садиев менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл Чотурова баш кошту. Бул тууралуу акын Жыпар Исабаева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар!
Сүйүнчү!
Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам — бир аалам болуп, эки дүйнө — бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып… уккан кулакты, көргөн көзду кубантып турган чагы!
Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат Садиев агабыз менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл Чотурова эжебизди тагдыр кошту!
Элдин эки асылы!
Бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар!
Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуууу болунуздар!
Эх-х… жезделүү болгон кандай жакшы!!!»,- деп жазган ал билдирүүсүндө.

Кошумчалай кетсек, Калмурат Садиев 70 жашта. ИИМде министрдин орун басары, Чек ара кызматынын башчысы болуп иштеген. Ал эми белгилүү акын, журналист, бир нече китептердин автору Бактыгүл Чотурова 1955-жылы туулган.

Количество просмотров: 243