Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо боюнча айтып жаткан кызматкердин сөзүн оңдоп, сатып алуулар процессиндеги коррупциялык схемалардан толук арылууну эскертти.
Кошумчалай кетсек, Жапаров 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо жана «Каракол» эл аралык аэропортун модернизациялоо долбоорлору менен таанышкан.
Маалым болгондой, мамлекет башчынын тапшырмасы менен 2021-жылы II техникалык категориядагы «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» эл аралык маанидеги жолун, анын ичинде Балыкчы-Барскоон участогун реконструкциялоо иштери башталган.
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев президентке Балыкчы-Барскоон унаа жолунда аткарылган иштер боюнча маалымдап, ошондой эле белгиленген пландар тууралуу айтып берди — быйылкы жылы жер иштерин бүтүрүү, асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө, тосмолорду орнотуу, көпүрөлөрдү куруу ж. б. пландалууда.