• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Камактагы адам Бишкектин соода борборлорунда теракт болот деп билдирүү тараткан

24 Бирдин айы 2020 12:13 Бишкек Govori.TV

Эркинен ажыратылган адам Бишкектин соода борборлорунда теракт болот деп билдирүү тараткан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 23-феварлда болжол менен саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деп тааныштырган адам саат 16.00дө Бишкек шаарындагы соода борборлорунда «теракт» болот деген маалымат берген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон чалган адам Бишкектин 1990-жылы туулган Т.С., аттуу жараны болгондугу аныкталган. Ал 2013-жылы Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 167-беренеси (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-228-беренелери (пара талап кылуу, терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11-жылга соттолгон. 2017-жылы №3-түзөтүү колониясында отурган учурунда терроризм актысы тууралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1-түзөтүү колониясында (Молдовановка айылы) жазасын өтөп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү жаран айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып,№1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат

КР УКМК эскертет — террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык, террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Количество просмотров: 80