Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалымат боюнча, Жапаров эмдөөдөн «Бишкек парк» соода борборундагы эмдөө пунктунан өтмөкчү.
Эске салсак, учурда Кыргызстанда вакцинанын биринчи дозасын 292 миң 168 киши, экинчи дозаны 101 миң 639 жаран алды.
Эмдөө планына ылайык, артыкчылык тобундагы 1 млн 312 миң 450 адамды эсепке алганда, жалпы 2 млн 118 миң 417 жарандын (70%) ичинен эмдөө алгандар 5%ды түзөт.