• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Камактагы Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтты

5 Тогуздун айы 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

«Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу кат анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Мен президенттин тапшырмасын, элдин алдындагы жарандык жана адамдык милдетимди аткардым. “Центерра” мени Онтарио сотуна бергенине карабай ушуга бардым. Мен 35 жылдык репутациямды тобокелге салып, «Кумтөр Голд Компанини» башкарууну уланттым. Онтарио соту алардын чечимин аткарбаганым үчүн мага 310 миң долларга айып салды, ал сот иши дагы деле аягына чыга элек. Эми мени кыргыз соту соттоп жатат. Мени саясий фигурага айлантууну каалап жатышат», — деп жазган Бөлтүрүк.

Количество просмотров: 80