• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тенгиз Бөлтүрүктүн баласы кармалганы айтылууда

12 Кулжа 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга «А.Г.» фирмасынын К.Д., аттуу өкүлү арыз менен кайрылып, 1988-жылы туулган Т.А.,га карата чара көрүүнү суранган. Арызда Т.А., ишканадан 274 миң 325 сомдук продукция алып, кассага акча төкпөй белгисиз тарапка изин жашырып кеткени жазылган.

Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кармалган шектүү «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн баласы экени айтылууда.

Количество просмотров: 291