• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Камактагы Бөлтүрүктүн жубайы Садыр Жапаровго кайрылды

6 Жетинин айы 2022 10:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту тарабынан 10-ноябрга чейин камакта калтырылган «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, кайрымдуулук кылууңузду тизе бүгүп суранам.

Күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Анын ден соолугунун абалы оор, мындай абалда кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан корком. Мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз.

Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качып кетүү оюнда дагы болгон эмес. Жүрөк оорусун бизден жашырып келген. Болгону балдарыбыздын атасы, жолдошумдун өмүрүн сактап калууну каалайбыз.

Эгерде ал 30 жашта болсо, мен мынчалык тынчсызданбайт элем. Бирок, анын курагында инсульт коркунучу пайда болот. Бул статистика. Түшүнүүңүздөн үмүт кылып, сизге дагы кайрылам»,-деп жазган ал.

Эске салсак, Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында эки айга камалган.

Количество просмотров: 146