• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Президент Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

18 Бештин айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн игранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары аныкталган.

Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулуп, Эл аралык мигранттар күнүн белгилеп келет.

Биздин мекендештер дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Мигранттардын коомубуздун ажырагыс бөлүгү катары, айрыкча, мамлекеттин башына оор күн келген учурда же ар кандай ийгиликтерди жаратып, эл аралык коомчулукка чыгууда колдоого муктаж болгон жарандарга кол суна билген аракеттери миңдеп саналат. Дегеле миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салышат. Алардын мындай камкордугу менен боорукердиги – жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү!

Мамлекет сыртта жүргөн мигранттарыбызды колдоо багытында “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыкка ылайык 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын алкагында иш алып барууда. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграциялык процесстерди турукташтыруу, миграция агымын жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүүдө. Өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин, ошондой эле өлкө аймагында турган иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо аркылуу миграциялык потенциалды өлкө кызыкчылыгына багыттоо жаатында да жылыштар бар. Бара-бара эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат.

Урматтуу мекендештер, айрыкча, алыс-жакында эмгектенип жүргөн журтташтар, Кыргызстандын жаркын келечегин куруу үчүн баарыбыз биримдикте, ынтымакта, бир көз карашта болушубуз шарт. Биздин алган багытыбыз бир болгондо гана кыйынчылыктарды жеңип, көздөгөн максатыбызга жетебиз.

Дүйнө жүзүнүн чар тарабын багындырып, талбай эмгектенип, алга умтулуп жүргөн ар бир мекендешибизге ийгиликтерди каалайм. Ойлогон ой-максаттарыңар ишке ашсын, мекенчил сезимиңер арта берсин!».

Количество просмотров: 52