Абактагы укук коргоочу Рита Карасартованы операциядан кийинки тигүү жиптерип алдыруу үчүн ооруканага алып барышат. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова билдирди.
«Ританы ишемби күнү эртең мененки саат 8:30да операция болгон клиникага жиптерин алуу үчүн алып кетишет», — деп жазды ал.
Белгилей кетсек, кечээ Карасартованын кызы Касиет Мамырбай соцтармак баракчасына билдирүү жазып, апасынын ооруканага баруусуна СИЗО-1дин жетекчиси уруксат берилбей жатканын жазган. Анын айтымында апасы ооруканага барып операциядан кийинки тигүү жиптерин алдырмак.
“Мурун жазганымдай, апама бүт жаагына оор операция жасалган. Негизи 3 саатка созула турган операция, токтобогон кан агууга байланыштуу 8 саатка созулган. Операциядан кийин бир жума бою, чыдагыс оорудан күнүнө 2-3 кетонал ичип, дээрлик ар түнү кан агуусу кайра кайра аккандан, уктабай чыкчу. СИЗО жетекчиси дарыгерди мекемеге киргизүүгө макул экенин айтты. Бирок мындай шартта бул өтө кооптуу. Эгер кайра кан токтобой ага баштасачы? Ал жерде ушундай операцияларга ылайыктуу жабдуу барбы? Кимге кайрылса болот? адамды 2-3 саатка клиникага алып келүү ушунчалык оорбу? “- деп жазган ал.
14-апрелдин кечинде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткен. Андан соң ал 48 саатка кармалган. Ал эми Свердлов райондук соту Карасартованы 12-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.