Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү, тагыраагы анын бир нече беренесиндеги талаптар күчөтүлүшү керектигин депутат Кенжебек Бокоев сунуштаган.
Долбоордун автору, депутат Кенжебек Бокоевдин бул демилгесине каршы экенин «Ата Мекендин» камактагы лидери Өмүрбек Текебаев «Азия ньюс» гезитине берген маегинде билдирген.
«Мурун эле “соттолуп жазасын өтөп жаткандар, жазасын өтөп бүтүп, бирок соттуулугу алына элек жарандар талапкерлигин президенттикке, же депутаттакка кое албайт” деген чектөө бар эле. Азыр аны андан бетер күчөтүп, “соттуулугу алынгандан кийин дагы 15 жылга чейин шайлоого катышпасын” деген норма киргизип жатышат. Бул саясий максатта колдонулбайт дегенге кепилдик барбы?»,- деген Текбаев.
Эске салсак, Бокоев сунуш кылган бул мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети биринчи окууда жактырган.