• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык кармоону улантууда

7 Жетинин айы 20229:04 Бишкек Govori.TV

«Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен камакка алынгандардын бири Нурлан Асанбеков ачкачылыгын токтото элек. Бул тууралуу анын адвокаты Алия Сагитова билдирди.

«Мен Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда жолугуп чыккам. Ал 1-ноябрдан тарта эле эч нерсе ичип-жебей баштаптыр. 3-ноябрда убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери мага чалып, Нурлан Асанбеков мени менен жолуктурууну суранып жатканын айтышты. Мен барганымда ал 1-ноябрдан тарта эле ачкачылыкты баштаганын, бирок бул тууралуу кимге маалымат берерин билбей койгонун айтты. 4-ноябрда ачкачылык жарыялаганы боюнча арыз алып, аны тергөө абагына бердик. Ал ачкылыгын токтоткону тууралуу маалымат жок. Дагы деле улантып жатат», — деди адвокат.

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жолугуп чыккан. Ал Асанбеков ачкачылык жарыялаганын ырастаган.

Количество просмотров: 105