• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жапырт камоо: Абактагы Таалайбек Мадаминов да ачкачылык жарыялады

16 Бештин айы 2022 14:20 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов 15-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алардын ичинен 19 киши соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн.

Количество просмотров: 128