• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Камакта 10 күндөн бери ачкачылык жарыялаган Асанбеков сот залынан бошотулду

11 Жетинин айы 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-ноябрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган Нурлан Асанбековдун баш коргоо чарасы каралды.

Бишкек административдик соту Асанбековдун сот залынан бошотуу чечимин чыгарды. Райондук соттун 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечими үй камагына чыгарууга алмаштырылды. Буга Асанбековдун ден соолугунун начарлашы себеп болду.

Түшкө чейин өткөн соттук отурумда Асанбеков төмөндөгүлөрдү билдирген эле.

«Күнөөм жок болгон үчүн ачкачылык жарыяладым. Банктык эсептер бизге бөгөт коюп, акыркы акчаларга чейин алып коюшту. Бир эмес эки банкта насыям бар, бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй мөөнөтү өтүп кетти. Кемпир — Абад маселеси боюнча башаламандык уюштурууга даярдык көрдү деген шек менен кармалгандырдын бирин дагы тааныбайм. Ал эми саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткам. Буга байланыштуу тааныштыгы бар. Мен мыйзамды сактап келген жаранымын. Бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүп берүүңүздү суранам»,-деп билдирди ал.

Кошумчалай кетсек, Асанбеков 1-ноябрда ачкачылык жарыялган. 10 күндөн бери суу дагы ичпей ачкачылык кармоону улантып жаткан.

Количество просмотров: 399