Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров тарапташтарына видео аркылуу кайрылуу жасады. Сабыр Жапаровдун билдирүүсү социалдык тармакка жарыяланды.
Ал 2-мартта митингге чыгып, колдоо көрсөткөнү үчүн тарапкерлерине ыраазычылык айтып, анда айтылган талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.
» 2-март күнү болуп кеткен баш аламандыктан өзүбүздү сактайлы жана ага жол бербейли. Өлкөнүн мыйзамын сактайлы, элге тынчтык керек. Садыр менен сүйлөшсөм, ал ызы-чуунун кереги жок экенин баса белгилеп айтты. Жапаровдун боштондугун мындай жол менен эмес, мыйзамдуу сүйлөшүү жолу менен чечели. Мындан кийин чагымчыл күчтөр бизди колдонуп кеткен учурлар болбосун. Анткени айтылган маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонууну көксөгөндөр болуптур», — деп билдирген Жапаров.