Абакта жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев УКМКнын тергөөчүсүн жана академиянын жетекчилигин айыптаган билдирүү жазып, аны фейзбуктагы баракчасына жарыялады.
Адвокат Акынбек Ногоев билдирүү Карабаевге таандык экенин айтты.
Билдирүүдө УКМКнын тергөөчүсү Улуттук илимдер академиясынын эксперттерине мажбурлап корутунду чыгартып жүргөнүн, тергөөчү жана анын алдындагы ыкчам кызматкерлер Жанышбек уулу Азамат деген «дүжүр» экспертке келип, мажбурлап политологиялык экспертиза жасатканына күбө болгонун айтып чыкканы үчүн куугунтукка кабылганын жазган. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясындагы Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов дагы айыптаган.
Карабаев тергөөчү «өзүнүн кесиптик кызматтык милдеттерин так аткарбай жатканын» белгилеп, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин көңүл буруусун өтүнгөн.
Жоомарт Карабаевдин адвокаты Акынбек Ногоев атайын кызматтын тергөөчүсүн сотко бергенин «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, тергөөчү Азат Султаналиев жактоочунун Карабаевдин иши боюнча экспертиза дайындоо өтүнүчүн мыйзам чектеген үч күндүк мөөнөттө карабай, жооп бербегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жазган.
Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов Карабаев айтып жаткан дооматтарды четке кагып, толук маалымат кийин таратыларын билдирип, бишкекте эмес экенин айтып, ал баланын камалышына тиешеси жок экенин, тааныбасын айткан.
Укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейзбуктагы баракчасына «Адвокат тергөөчүнүн үстүнөн сотко арыз менен кайрылган, учурда Жоомарттын камерасы тынымсыз тинтилип жатат, алар андан эмне издеп жатышканы белгисиз» деп жазган.