• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Камактан качкандар кармалды

1 Бугу 2018 17:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.05.2018. Govori.TV

Таң эрте Токмоктун ШИИБисиндеги убактылуу кармоочу жайдан качкандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы тастыкташты.

«Опретивдүү иликтөө иштеринин негизинде качып кеткен кылмышка шектүүлөр, үчөө тең шаардын чекесинен кармалды. Учурда милицияга сурак берүүдө»,-деп айтылат малыматта.

Эске сала кетсек, 18 жаштагы Леонид Ворончихин Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”), 17 жаштагы Анатолий Порошин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) жана 16 жаштагы Руслан Юсупахунов Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу”) боюнча шектүү катары кармалгандар качып кеткен болчу.

 

Количество просмотров: 24