• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Камалган айдоочусу тууралуу Курсан Асанов үн катты

26 Баш оона 201915:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Дамир Пайзылла уулунун камакка алынганын Курсан Асанов өкүнүч менен кабыл алды. Асановдун билдирүүсүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова Govori.TVга маалымдады.

«Бул күндөр өтөрүнө жана иштин аягы сөзсүз түрдө адилеттүү жана мыйзамдуу бүтөөрүнө умут кылат. Анткени Асанов биринчи учурда, баардык милициянын атайын багытта даярдалган полкунун жана катардагы баардык милициянын кызматкерлерине алар менен бирге Дамирге толугу менен ишенет жана сыймактанат. Себеби 7-8 августа өлкөнүн бүтүмдүгү жана жергебизде туруктуулук жана тынчтык болуш үчүн катардагы жөнөкөй кызматкерлер жарат алгандарына карабай акырына чейин туруп өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышты. Курсан Асанов алар менен сыймыктанат. Дамирдин духу күчтүү бала, аны сындырып ага каршы жасалма көрсөтмөнү алууга аракет кылып жатышса, мындай бузуку аракеттери ишке ашпасына көзү жетет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-августта ушундай чечим чыгарганын күч органдары кабарлашты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле.

Пайзылда уулу Дамирбек – министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна «Кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу маалымдама тапшырылган.

Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Количество просмотров: 289