• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Камап коюу адилетсиздик». Блогер Элмир Сыдымановдун апасы бийликке кайрылуу жасады

24 Бирдин айы 2020 11:08 Бишкек Govori.TV

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы Махабат Молдомусаева президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурорго жана ИИМ жетекчилигине кайрылды.

Ал Сооронбай Жээнбеков Элмир Сыдымановдун ишин адилеттүү карап берүүнү өтүнөт.

«Балам үчүн кечирим сурайм. Ал жаңылып сүйлөп алды. Мен анын блогерлик ишин колдобойм. Эки элди бөлөйүн деген ою жок болчу. Анын сөзү «хейтерлерине» багытталган. Сөзүндө бөлүп-жарууга үгүттөө дагы болгон эмес. Ал үчүн эле камап коюу адилетсиздик. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жетиштүү болчу», — дейт Махабат Молдомусаева.

Махабат Молдомусаева Элмирбек Сыдымановдун жаштыгына карабай үй-бүлөсүн багып келгенин белгилейт.

«Мен кээде ашпозчу болуп иштеп калат элем. Ал жумушумдан да айрылдым. Кичүү балдарым февраль айынын башынан бери мектепке барыша элек», — дейт блогердин апасы.

Белгилей кетсек, Элмирбек Сыдыманов аймактык кастыкты козутуу айыбы менен эки айга кармалган.

Количество просмотров: 96