• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камбар-Ата — 1 ГЭСин куруучу донорлордун жолугушуусу болду

12 Тогуздун айы 202417:04 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 7-11-октябрында Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул координациялык комитет ушул жылдын июнь айында Вена шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын энергетикалык инвестициялык эл аралык форумунун жүрүшүндө, Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү жана таза энергетикалык долбоорлорго инвестиция тартуу максатында түзүлгөн. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымат берди.

Долбоорду даярдоонун жүрүшү менен таанышуу үчүн донордук координациялык комитеттин делегациясы Камбар-Ата-1 ГЭСинин объектисине барды. Долбоорду даярдоонун жүрүшүн жана мындан аркы биргелешкен кадамдарды талкуулоо үчүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев да болду.

Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясына  Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин, Европа инвестициялык банкынын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү кирген. Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын жана ОПЕК фондунун өкүлдөрү негизги жолугушууларга аралыктан катышты.

Буга чейинки расмий маалыматта айтылгандай, бул долбоорго жалпы наркы 4 млрд. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган.

Ошондой эле бул ГЭСти Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешип курары, анүчүн үч өлкө ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү да белгилүү болгон.

Буга чейинки маалыматтарда ГЭСти куруу быйыл башталып, төрт жыл аралыгында аяктай турганы да маалымдалган.

Количество просмотров: 288