• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Ак-Бууранын жээгиндеги курулуштарга уруксат бергендер жоопко тартылат

20 Теке 202411:42 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто өткөргөн жыйынында жооптуу жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

«Тергөө тобун түзүп, Ак-Бууранын жээгин бергендерди жоопко тарткыла… Мен тик учак менен баарын көрдүм. Суунун нугун буруп, эс алуу жайларын куруп алышыптыр. Бир аялды үч кызы менен так ошол жерден сел алып кетиптир. «Бир адамга жаза — миңине сабак болуш керек». Кайсыл мэр, кайсыл аким, кайсыл айыл өкмөттүн макулдугу менен Ак-Буура дарыясынын жээгине мыйзамсыз курулуштарга уруксат берилген болсо, баарын жоопко тарткыла. Аларды аясаңар өзүңөр жооп бересиңер. Ишти эртеңкиге калтырбай бүгүн баштагыла. Ош шаарынын мэри, Ош облусунун губернатору акыл менен жүрөк менен иштегиле. Алыңар жетпесе, укук коргоо органдарына кайрылгыла. Соттошуп атат деп отурбагыла. Акча табат экен деп бир канча адамдын укугун коргоп, миңдеген адамдардын укугун буза албайбыз» деди.

Количество просмотров: 162