Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.
«Булар 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат. Мындан сырткары, илгерки Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Жөнөкөй элдер үй курууга төрт сотых жерге жетпей жүрсө, булар Бишкектин чак ортосунан 1,5 гектар жери менен кошо килейген бир заводду ээлеп алышкан. Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып аткан жокмун. Мамлекетке кайтартып атам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз.
Дагы бир иш — Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, «Акун» деген пансионат салып алышкан. Ал жакта да элдер жарым сотых жерге жетпей зарлап жүрүшөт. Булар 18 гектар жерди ээлеп жатышат. Биз аны тартып алып аткан жокпуз. «Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула»- деп жатабыз», — дейт Ташиев.
УКМКнын башчысы Турсунбековдор мүлктөрүн сактап калыш үчүн Ташиевке «акча бергенбиз»- деп айтканы тууралуу да жооп берди.
«Көрсө, өзүнүн эле 10 жылдан ашык жанында юрист болуп иштеген кызматкери: «Ташиев ишиңерди бүтүрүп берем деп акча сурап жатат»- деп калп айтып, 5 млн доллар акчасын алдап алып алган. Азыркы убакта ал юристи күйөөсү экөө тең кармалды, тергөө иштери жүрүүдө, а мүмкүн дагы башка адамдардын катышы бардыр, убакыт көрсөтөт. Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Андан калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз, мисалы ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү ж.б. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн — элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз», — дейт Ташиев.